Эркин күрөш боюнча Токмок шаарынын биринчилиги өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

26-29-апрель күндөрү Токмок шаарында кыздар арасында эркин күрөш боюнча шаардын биринчилиги өттү. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Таймашка 1993-1995-жылдары туулган 34 жаш спортчу катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдөн турган эркин күрөш боюнча КРнын курама командасы түзүлүп, эми алар Азия жана Дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алышмакчы. Ал эми жеңүүчү балбан кыздардын тизмеси төмөндөгүдөй:

Нуржанат Бекматова, 44 килограмм

Динура Сулайманова, 48 килограмм

Юлия Филистеева, 51 килограмм

Кундуз Кушубакова, 55 килограмм

Ажар Турдугул кызы, 59 килограмм

Эмилия Рахимова, 63 килограмм

Назгүл Жаркынбаева, 67 килограмм.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан