Токмок шаарындагы Чүй облустук ооруканасынын жанындагы авариялык абалдагы жол чырактар оңдолду. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
"Жол чырактардын мамыларын дат баскандыктан коркунучтуу авариялык абалга келип, 2016-жылдын 25-ноябрында иштен чыгарылган. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемесинин каражатынын жетишсиздигинен улам оңдоп-түзөө иштери кечиктирилген. Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында алар кайрадан ишке берилди", - деди ал.
Эскерте кетсек, 4-февралда окурман "Элдик кабарга" Токмок шаарындагы Чүй облустук ооруканасынын жанындагы жол чырак 1 айдан ашык убакыттан бери иштебей турганын жана дагы бир жол чыракты унаа сүзүп кетип, мамысы эле калганын билдирген.