Аида Салянованын ишин иликтөөчү депутаттык комиссияга бир ай мөөнөт берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага ("Ата Мекен") карата козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечим бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Бул комиссия бир айдын ичинде Саляновага кылмыш ишин козгоодо саясий себеп бар же жоктугун иликтейт. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан бир-эки депутаттан кирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө. 1-февралда Аида Салянова бул комитетте 4 сааттан ашуун убакытка созулган суракка алынган.

Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан