Бүгүн, 30-апрелде КРнын Айкидо федерациясынын өкүлдөрү бийиктиги 4250 метрди түзгөн Комсомолец чокусуна чыгууга аттанышты. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, 8 спортчу чокуга чыгуу үчүн Ала-Арча жана Кашка-Суу капчыгайларын басып өтүшүп, 2 күндүн ичинде белгиленген чокуну багындырууну пландашууда. Мындан сырткары жүрүшкө чебер альпинисттер да кошулмакчы. Чың ден соолук үчүн уюштурулуп жаткан бул жүрүш жыл сайын өткөрүлө турганын билдирет федерация.