Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү дарыкананын кампасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 8-февраль күнү саат 21:58 чамасында келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 6 унаа тартылып, 23:33 чектөөгө алынган. Ал эми 00:48де толук өчүрүлгөн.
"Өрттүн кесепетинен "Сонун Фарм" ишканасына таандык дарыкананын кампасы толугу менен күйгөн. Ичинде дары-дармектер болгон. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталына Оштогу Тиричилик үйүндө дарыкана күйүп жатканын билдирген болчу.