Өрт өчүрүүчү унаалардын эскилиги жетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров (КСДП) билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү өрт өчүрүүчү унаалар акыркы жолу 1990-жылы сатылып алынган. "Бул унаалар өзүнүн пайдалануу мөөнөтүн 3 жолу өткөргөн. Эгер башында 231 унаа болсо, бүгүнкү күндө 162 унаа иштеп жатат. 1991-жылдан бери өрт өчүрүүчүлөрдүн санын 30 пайызга кыскартыппыз, бирок калктын саны өсүп жатат. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр өрттөн сактаган атайын кийимдерге муктаж. Мисалы, биз гранттарды алып, троллейбустарды, коомдук унааларды алып жатабыз. Мамлекеттик коопсуздук үчүн Өрт өчүрүү кызматынын абалын жакшыртышыбыз керек", - деди депутат.