Каныбек Иманалиев: "Бажы инспекциясынын жетекчисинин отставкасын талап кылышыбыз керек"

“Бюджет жана финансы боюнча комитети Бажы инспекциясында иштегендердин толук отставкага кетишин талап кылып өкмөткө кайрылган, бирок эч кандай реакция болгон жок”, - деп 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын анализи боюнча 2008-2012-жылдары Бажы инспекциясында уурдаган акчалардын көлөмү жыл сайын 4,5-5 миллиард сомго жеткен.

“Быйыл уурдалган сумманын жалпы көлөмү 22 миллиард сомго жетти. Биздин бюджеттик тартыштык 23 миллиард сом. Байкуш болуп эч кимден акча сурабай, ошол элдин ырыскысын элдин чөнтөгүнө салып берсек болбойбу? Андан жалпы мугалимдердин айлыгын 2 эсеге, саламаттык сактоо кызматкерлеринин айлыгын 5 эсеге көтөргөнгө жетмек. Ошон үчүн мамлекетте каржы тартибин орнотоюн десек, өкмөттөн Бажы инспекциясынын жетекчисин отставкага кетирбесе, аны менен табакташ, насиптеш же болбосо саясий эрки жетпейт деп эсептейбиз”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан