Түштүк аймактарда өспүрүмдөрдүн маселелери боюнча системдик иш жүргүзүлбөй жатат. Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Альфия Самигуллина билдирди.
"Өткөн аптада биз, аял депутаттар, түштүк аймактарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, зордук-зомбулук маселелери боюнча талкууларды жүргүздүк. Тургундар өспүрүмдөр менен иштеген тажрыйбалуу адистер жок экенин айтышты. Бойдон алдыргандардын, эрте нике кыйгандардын, аталары таштап кеткен наристелердин саны өсүп жатат. Буга контрацептивдерди (кош бойлуулуктан сактоочу каражаттар) колдонууну билбегендиги себеп. Аймактарда өспүрүмдөргө контрацептивдерди колдонууну кимдер үйрөтүшөт? Ошондой эле өспүрүмдөрдүн суициддеринин алдын алуу иштери жүрбөй жатат", - деди Самигуллина.