Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов мигранттардын көйгөйү чечилбей жатканын сындап, Миграция боюнча мамлекеттик кызматты активдүү иштөөгө чакырды. Депутат акыркы жылдары миграциянын багыты өзгөргөнүн, Орусиядагы экономикалык оор кырдаалдан улам Кыргыз жарандары Түркия, Корея, Бириккен Араб Эмираттары өңдүү мамлекеттерге агылып жатканын айтат.
"Мигранттардын көбү легалсыз иштеп жатышат. Өкүнүчтүүсү, Түркияда кыргыз кыздары зордукталып жатканын угуп жатабыз. Миграция кызматы аталган өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп, тыгыз иштешип, мекендештерибиздин мыйзамдуу иштөөсүнө шарт түзүү жолдорун издеши керек", - деди Эргешов.
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү аралашты делген окуяны өкмөткө эскертти. "Айрым адамдар жарандардан 5-7 миң долларга чейин акча алып, аларга Кореяга кетүүгө виза алып берүүнү убадалап алдап кетишкени тууралуу маалыматтар чыкты. Алар кардарларынын паспортторун гана эмес, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн бери жасап беришкен. Бирок элчиликтен билинип калып, эми качып жүрүшүптүр. Алданган жарандардын 16сы гана арыз жазып, калгандарды мурда Кореяга кеткен жакындарына зыяны тийип калбасын деп арыз жазуудан баш тартып жатышканы айтылууда. Бул маселеге көңүл буруу керек", - деди депутат.
Бул маселени SUPER.KG порталы кечээ жарыялаган.