Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы спортзалдын курулушу 2006-жылдан бери бүтпөй жатат. Бул тууралуу 9-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
“Курулуш үчүн Каржы министрлигинен 1 миллион сомго жакын акча бөлүнүп берилип, бирок иш токтоп калган. Андан кийин жергиликтүү тургундар чет мамлекетте мигрант болуп иштеп келип, 2,5-3 миллион сомго чейин каражат чогултуп, 80 пайызын бүтүрүп коюшту. Өкмөткө протоколдук тапшырма берип, спортзалды толук бүтүрүүгө аракет кылуу керек”, - деди эл өкүлү.