"Аймактарда 15-17 жаштагы кыздарды 30-40 жаштагы эркектерге 2-3-аял катары берип жатышат" дейт депутат

Аймактарда жашы жете элек кыздарды 30-40 жаштагы эркектерге 2-3-аял катары берип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, парламент кабыл алган нике тууралуу мыйзам айылдарда бузулуп жатат. "Жаш кыздардын билим алгысы, балерина болгусу келгенине карабай ата-энелери аларды эрте күйөөгө берип жатышат. Кийин сотторго кайрылышса, жеңилип калышууда, анткени нике ЗАГСта катталган эмес. Ошентип кыздардын тагдырлары бузулуп жатат", - деп нааразы болду Карамушкина.

Ошондой эле депутат жума күндөрү иш учурунда ишканалардын кызматкерлери жана окуу жайларда окугандар жума намазга кетип жатканына нааразычылыгын билдирди. "Биз дин мыйзамдары менен эмес, светтик мыйзамдар менен жашайбыз. Өкмөт мекемелер аралык комиссияны түзүп, ишканалардын жана окуу жайлардын иш тартибин карап чыгышы керек", - деп сунуштады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nemo2016
2017-02-09 11:58:41
Микрофонду берди балч деп тушундо коргонду суйлоп койду
+17
Mirlan5
2017-02-09 12:14:28
Балерина болгуча экинчи аялы болуп жашаганы эң сонун... жума намазга барганды бул депутат сөөрөй эч качан тыйалбайт...тим эле светтик өлкө деп намаз окутпай Кыргыз элин жылаңачтап алгысы келип жатса керек...намазга асылба,эсиң барда этегиңди жап эгер бар болсо...
+22
admin_portal
2017-02-09 12:37:57
modern-group,
1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
2. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
5 күнгө БАН!
-8
Alixan-Nookat.2015
2017-02-09 12:41:15
Менда 17 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиге чыкканын көрбөптүрмүн ошондой эле намаз окуганга тоскоол болбош керек жумага баруу керек
+17
mambo-1984
2017-02-09 12:51:27
Жумага барыш керекда 1 саат убакытан эчбир нерсе чечилбейт озу башка динде болгон учун суйлоп жататда
+13
ulya.mamatova
2017-02-09 13:15:20
Кичине окшошо турган нерсе ойлоп таап суйлосунчу депутат Карамушкина.
+8
Mihrimah
2017-02-09 13:58:09
сен каяктагыны суйлоп,намазга асылгандан коро,кыргызстанда канча чечилбеген проблемалар бар.ошолорду чеч,иш жок зеригип,ар нерсени суйлой бербей...
+8
nazira...
2017-02-09 14:45:15
Туура эмес соз суйлоп коюптур Карамушкина. Бул созду кочодоку алкаш орустар да айтпайт. Пятницаны нерабочий, воскресеньени рабочий день кылып койгондо корот элем сени. А жашы жете элек кыздарды озбек эли берет илгертеден азыркыга чейин,ага эч нерсе кыла алышпай эле суйлоп гана келе жатышат.
+5
umar.88
2017-02-09 19:07:12
Карамушкина, башка чече турган проблема жок да ээ?Жума намаз жакпай атса,пожалуйста креслону бошотуп кой! Сага окшогон депутаттын кереги жок!
+5
Adil706070
2017-02-09 20:49:15
Айылдык кыздардан айлансын ким айтса дагы.Тийсе да никелешип адал жашоо суруп жатышат.
Шаардагы чиновниктер менен ойнош болгон анча-мынча кыздарга караганда.
+3
Adil706070
2017-02-09 20:56:22
Эл суйлосо да ушу Карамушкина суйлобой эле койсунчу.светтигинди Россияга барып алып Думасына айт.
Биз мусулман олкосубуз демократияны кабыл алсак эле жаратканды унутуп Тенирден тескери кеткенибиз туура болбойт.Андыктан сенин ордун Ак уйдо эмес,жалпы элдер кол топтоп ушул аялга каршы чыкса болмок.Ошончо жайнаган эркектер айтып тыйып койо алышпайт намаз жумадан башка ишинди кыла бер деп.
+4
Ali-91
2017-02-10 09:55:24
Партиялык тизме менен эптеп кыпчылып өтүп алып сүйлөгөн сөзүн кара ХХХ
КРда 90% мусулмандар жашайт,көпчүлүк эмне десе ошол болот.Мамлекет элге таандык.Көпчүлүк эл кааласа жума күн дем алыш,жекшемби күн иш күнү болот.Жума намазга каршы чыккандар,АЛЛАХКА каршы чыккандар!!!
+1
admin_portal
2017-02-10 10:09:52
Ali-91, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
Ali-91
2017-02-10 09:59:20
Карамушкина акчанын күчү менен партиялык тизмеге илинип,партиянын куурчагы болгон бир байкуш да!!!
+1
nazira...
2017-02-10 10:00:52
КРнын Мамлекеттик кызматкерлеринин Законунун этикасында жазылган "уважительно относиться к обычаям и традициям народов"-деп. 1 саат эч нерсе эмес го, ошон учун жума кунку чогулуштарды саат2 же 3ко коюш керек. Башка куну 1боло берет.Бизде сыйлоо деген жок да, озун намазга барбасан башкаларга тоскоол болбо да.Мурункудай бир орус суйлосо баары баш ийкеп туура дей берген заман эмес азыр.
+4
Ali-91
2017-02-10 19:48:20
Жеке мандаттуу шайлоо болгондо Карамушкинага окшогондор депутат болбойт эле.Партиялык система такыр болбойт экен,тизмеге кыпчылып акчалуу мадыра баштар өтүп кетет экен.
-1
Ayida
2017-02-11 10:56:08
Ali-91,туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан