Бишкекте 19 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы Лексус 470 эки унааны сүзүп, оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 8-февралдан 9-февралга караган түнү Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 19 жаштагы айдоочу Лексус 470 унаасы менен Абдрахманов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок жетишпей калып, Лексус GX жана Дайхатсу үлгүсүндөгү унааларды сүзүп оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Лексус 470 унаасынын ичиндеги 24 жаштагы кыз жана 18 жаштагы бала жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Текшерүү учурунда Лексус 470 унаасынын айдоочусунда өздүгүн аныктай турган эч кандай документтери болгон эмес.