Кара-Балта жолунан автоунаа эмес, араба өтө албайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
“Бишкек-Кара-Балта жолу эл аралык болуп эсептелет. Бул жолдон Жалал-Абад, Ош, Талас, Баткен облустарына унаалар каттап турат. Карап көрсөк, күнүнө 50 миңден ашык автоунаа өтөт экен. Жакында Кара-Балта тарапка бардым, жолдун абалы оор. Транспорт министри ушул жолдон өзү качан өттү экен? Ушул жолду оңдоо маселесин көзөмөлгө алыш керек”, - деди ал.