2005-жылы "Манас" аэродромуна жакын аймактан 3 миңден ашуун адамга жер берилиптир. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эгер алар турак жай кура баштаса, өтө кооптуу жагдай жаралат.
"Аларга башка аймактан жер бөлүп, абалды жөнгө салбаса болбойт. Мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин карамагындагы мүлктүн баарын түгөлдөп чыгышы зарыл. Ошондой эле фонддун жетекчилигине мамлекеттик компаниялардын мурдагы жетекчилеринин дайындалышы туура эмес. Компанияны чыгашага учураткан адамдын фонд жетекчилигине дайындалышы мыйзамга да туура келбейт", - дейт депутат.