Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 9-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев менен жолугушту. Тараптар Куралдуу күчтөрдү бекемдөө, аскердик жөндөмдүүлүгүн жана ыкчамдыгын күчөтүү аракеттерин талкуулашты. Мындан тышкары чек ара коопсуздугун камсыздоо, Куралдуу күчтөрдү башкаруу системин реформалоо иштери тууралуу президентке маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо менен бирге аскердик тартипти жогорулатуу, тармакта коррупциянын тамырын кыркуу тапшырмасын бергенин кабарлады президенттик аппарат.