Нарын облусунда жалпы 68 элге көмүр сатуучу кампа иштөөдө. 2017-жылдын 8-февралына карата 58 кампадагы көмүр отунунун запасы 1139 тоннаны түзөт. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Нарын облусунун экономика тармагына жана калкына 43 731 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинде бюджеттик мекемелерге керектелүүчү 15 753 тонна көмүр отунун жеткирүү 2016-жылдын 8-ноябрында аяктаган. Ал эми элге зарыл болгон 22 750 тонна көмүр толугу менен ташылып, калк камсыз болгон. Ошентсе да облустун аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, отунду керектөө өсүп жаткандыктан, көмүр кесимдеринен көмүр сатуучу кампаларга таратуу иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, кечээ көмүргө байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында каралган. Анда депутат Кожобек Рыспаев аталган облустун тургундары көмүр кымбат болгондуктан электр энергиясын колдонууга басым жасап жатышканын айткан.