"Айылдардагы, райондордогу чогулуштарда "айыл аймактын башчысын эл шайлаш керек" деген маселе көтөрүлүп келет", - деп билдирди 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев.
Анын айтымында, айыл аймактын башчысы болом дегендер айылдарды кыдырып, программалары менен тааныштырган жок. Алар 11 депутат менен сүйлөшүп жүрүшөт.
"Айылдын эли талапкерлердин өңү-түсүн да көрбөй калып жатат. Ушундан улам элдин нааразычылыгы чыгып жатат", - деди ал.
Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков ошол 11 депутатты эл ишенип шайлап жатканына токтолду.
"Аларды элге кызмат кылсын деп шайлап жатат. Айыл башчынын ишин көзөмөлдөөдө. Мындай учурда айылдык кеңеш менен башчынын ортосунда ишеним жок болуп калат", - деди Жумабеков.
Парламентте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат.