Алмазбек Атамбаев "нарындыктар, койсуңар..." деди деп 2013-жылы интернетке тарап кеткен видео боюнча экспертиза жыйынтыгы чыгып, видео монтаждалганы аныкталды. Башкы прокуратура жыйынтыктар менен кошо материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Эми бул мекеме укуктук баа бериши керек болот.
Аталган видео интернетке жүктөлгөндөн бери талкуу чордонунда болуп, бир аймакты президентке каршы коюу аракетинде кеңири пайдаланылып келди. Мамлекет башчы эл алдында мындай сөздөрдү айтышы мүмкүн экенине акыл-эси жайында адамдар ишенген жок. Бирок чебер жасалган монтаж элдин арасында президентке карата кыжырданууну жараткан да учурлар болду.
Видео боюнча Башкы прокуратура тарабынан бир катар экспертизалар дайындалган. Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борбору жана Илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту видеонун монтаждалган варианты "элде терс пикирди пайда кылуу максатында даярдалган" деген чечимге келишкен. Сөздөрдү сүйлөмдөн алып салып, бурмалоо аймактык бөлүнүүчүлүккө, касташууга алып келери айтылган.
Мамлекет башчынын элди биримдикке чакырган кайрылуусу монтаждалып, өзгөрүп калган. “Мына, нарындыктар, малчысыңар. Мына кой сарай жыйырма жыл тазаланбаса, анан кыгын бир күндө тазаласа болобу? Билесиңер, таш болуп калат, тазаланбай... Кыргызстан да таштан бешбетер да...” деген сөзү монтаждан кийин “нарындыктар, койсыңар” болуп калган.