Бүгүн, 9-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков (КСДП) "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабановду Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу убадасы менен соороттубу? Эгер мындай логика менен жогорудагы каармандарга байланыштуу акыркы окуяларды эстеп чыксак, аталган суроого "ооба" деген жооп туура келүүдө.
Мамкаттоонун башчысын кызматтан кетирүү операциясы 18-январда башталган десек болот. Ал күнү Канат Исаевдин ("Кыргызстан") демилгеси менен Максим Бакиевдин мүлктөрүнүн сатылышын иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлгөн. Исаев Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Бакиевдин жер тилкесинин сатылышына коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурган. 31-январда комиссиянын алгачкы отурумунда бул жер тилкесин сатуу ишинде Сарпашевдин байланышы бар болушу мүмкүн экени айтылган. Тажрыйба көрсөткөндөй, кылмышка фигурант катары ысымы аталган чиновник кызматтан бошотулат. Демек, Мамлекеттик каттоонун башчысынын кызматтан кетүүсү жакын арада күтүлөт. Быйыл президенттик шайлоо процессинде маанилүү ролду ойной турган чиновникти кызматтан айдоого Канат Исаев менен Өмүрбек Бабанов кызыкдар экени анык болууда. Бирок Сарпашевдин КСДПга мүчө болгону аларга маселе жаратып жаткан өңдүү. Бул маселени чечүү үчүн Бабанов спикер Турсунбековду төрагалыктан чакыртып алуу менен коркуткан. КСДП төрагалыкты сактап калуу менен убара болуп турганда, эртеси Бабанов негизги талабын жарыялаган - "улуу комбинатор" Сарпашев кызматтан кетиши керек". Мындай коркутуп-үркүтүү менен коштолгон соодалашуунун натыйжасында Бабанов Турсунбековду кызматтан түшүрүү оюнан кайткан деп божомолдоого болот. Бүгүн Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысын кызматтан алуу сунушу менен премьер-министрге кат жөнөттү. Сарпашев бул иштин артында президенттик жарышка түшүүнү көздөгөн айрым саясатчылар турганын белгилеп, алар жер тилкесине байланышкан окуяны жеке максатка пайдаланып жатышканын айтты. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, анда Башкы прокуратура айтып жаткан жер тилкеси боюнча мыйзамдан тышкары бир да кадам жасабаганын, өзүнүн ак экенин мыйзамдуу жол менен далилдей турганын билдирди...
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыз-келиндер маселеси кызуу талкууланды. Буга КТРК телеканалы көрсөтүп баштаган "Келин" теледолбоору себеп болду. Авторлордун айтымында, шоунун максаты - турмушка чыга элек кыздарды үй-бүлөлүк турмушка даярдоо, келин менен кайнененин ортосундагы мамилени жөнгө салуу. Бул телепрограмма боюнча пикирин билдирген депутаттардын бардыгы аны жабуу керектигин айтышты. Кызыгы, бул маселе боюнча аял депутаттар сүйлөп жатышса, эркектер унчукпай отурушту. Депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП) теледолбоорду гендердик, юридикалык экспертизадан өткөрүү керек деген оюн билдирсе, анын кесиптеши Аида Салянова ("Ата Мекен") кайненени заардуу аял катары көрсөткөн шоуну жабууну талап кылды. Аталган шоу бир гана парламентте эмес, коомдо да катуу нааразычылык жаратты. Аны жабуу үчүн петицияга кол чогултууну активисттер жүргүзүшүүдө. Активисттер бул теледолбоорду жаш колуктуларга "келин" деген статусту байлап, аялзатына адам катары мамиле кылууну чектеп жатат деген пикирде. Аял дагы эркек дагы бирдей эле өсүп-өнүгүүгө укуктуу. Үй-бүлөдө бардык мүчөлөргө бирдей мамиле жасалышы керек. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланган Коомдук канал аялдарды үйдөгү бекер кызматкер катары кабыл алууну пропогандалаганы туура эмес.
Коомдун ар кандай катмарында аталган долбоордун айланасында жогорудагыдай кызуу талкуунун жаралганы бул маселе абдан орчундуу экендигинин белгиси. Улуттук статистика комитети жүргүзгөн медициналык-демографиялык изилдөөнүн маалыматтары боюнча, өлкөдөгү аялдардын 10 пайызга жакыны 18 жаш курагына толгонго чейин, анын ичинде 1 пайызы 15 жашка толгонго чейин күйөөгө чыккан. Дагы бир статистикага таянсак, өлкөдөгү аялдардын 58 пайызы зордук-зомбулукка кабылат. Бул бир гана расмий катталган сандар, катталбаган нике кыюулар жана зордук-зомбулук фактылары мындан да көп болушу мүмкүн. Укук коргоочулардын айтымында, Кыргыз жеринде ай сайын калктын аярлуу катмарынын 3000ден ашууну зордук-зомбулуктун сексуалдык, моралдык жана физикалык түрлөрүнө, ала качууга, жана башка кордуктарга кабылып келишет. Көбүнчө айылдарда кыз-келиндер өз укуктарын коргой алышпагандыктан айла жок үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарга чыдоого муктаж. Келин менен кайнененин ортосундагы сый-урмат мамилени жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын алдын алууга жана аларды чечүү жолдорун сунуштаган телепрограммаларды биринчи Коомдук каналдан көрсөтүү жогоркудай терс статистикаларды жакшыртууга салым кошмок...