Мындан 130 жыл мурун, 1887-жылы 9-февралда советтик аскер башчы, Жарандык согуштун Баатыры Василий Чапаев Орусиянын курамындагы Чувашия Республикасынын Будайка кыштагында төрөлгөн. 1908-жылдын күз айларында армияга чакырылып, Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен фронтко мобилизацияланган. Согуштагы эрдиги жана тайманбастыгы үчүн 4 ирет наамдарга ээ болуп, подпрапорщиктин чинин алган. 1917-жылдын декабрь айында запастагы жөө жүрүүчү аскер бөлүгүнүн командири, бир жылдан кийин Николаев уезди боюнча ички иштер комиссары болуп дайындалып, Кызыл гвардиячылардын отрядынын командири кызматын аркалаган. 1919-жылдын апрелинде 25-аткычтар дивизиясын башкарып, эрдик көрсөткөн.
В.Чапаев 1919-жылдын 5-сентябрында казактардын күтүүсүз жерден чабуул коюшунун натыйжасында жаракат алып, каза болгон.
9-февралга карата жылнаама.