Өзгөн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-февралдан 9-февралга караган түнү Өзгөн шаарынан чыга бериштеги Жазы дарыясына жетпей болгон. Анда белгисиз айдоочу автоунаасы менен 30-35 жаштагы эркек адамды сүзүп, из жашырып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Азырынча маркумдун аты-жөнү тактала элек.
Ош ОИИБи бул окуяга күбө болуп же билгендерден 03222 5-52-44, 03222 2-30-87 телефон номурларына чалып, кабарлап коюуну суранат.