Боинг кырсыгынан кийин стресске кабылган Мирлан Токоевдин абалы турукташып, бейтапканадан чыкты

Авиакырсыктан каза болгондорду алып чыгууга катышкан Мирлан Токоев бейтапканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Кырсык болгондон кийинки абалым оор болчу. Ооруканада 17 күн дарыландым. Азыр абалым жакшы. Эми мындан кийинки жашообуз кандай болорун ойлоп кооптонуп жатам. Анткени учактын үнү, жарылганы, элдин ызы-чууга түшүп, айыл боз ала чаңга толгону көз алдыбызда турат. Кудай буйруса, бул аймактан көчүп кетемин. Азыр болсо үй-бүлөмдүн жанына баратам", - деп билдирди Токоев.

Мирлан Токоевдин жубайы Гүлбарчын Жумабекованын маалыматына ылайык, жолдошу кырсык учурунда каза болгон бир канча адамды алып чыгууга катышып, катуу стресске кабылып, колдору калтырап калган.

Эске салсак, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы адам өмүрүн алган кырсыктан улам стресске кабылган Токоев 23-январда ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
A3A
2017-02-09 15:18:22
Кара кутy, акча которгoндордун ти3меси эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан