Дүйнө жүзү боюнча күндүн жылышы кооптуу абалды жаратып жатса, окумуштуулар үчүн жаңы ачылыштарды жасоого мүмкүнчүлүк жаралууда. Алар Аляскадан дүйнө жүзү боюнча эң байыркы пирамиданы табышканын жарыялашканын "discover24" басылмасы жазган.
"Аба ырайынын жылышы археологдор үчүн кылымдар бою муз астында катылгандарды көрүү, изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн түзүп жатат. Бул пирамидалар алгачкы жолу геологиялык экспедиция тарабынан байкалган. Бирок анда чокусу гана көрүнүп турчу. Андан алынган үлгүлөр изилденгенде, адамдын колу менен жасалганы аныкталган", - деп жазылат басылмада.
Геологдор пирамиданын таштары Египеттегидей эле чеберчилик менен тизилгенин белгилешкен.
"Илгертен бери Аляскада жашаган жергиликтүү тургундар арасында пирамидалар тууралуу окуяларда, алар Куштака аттуу жин менен көзөмөлдөнөрү айтылат. Алар үчүн бул Бермуд үч бурчтугундай", - деп кошумчаланат маалыматта.