"Өнүгүү" менен "Замандаш" бирикти

"Өнүгүү" фонду менен "Замандаш" ассоциациясы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча иш-аракеттерин бириктирүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Маалым болгондой, бул эки уюмдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу бүгүн, 9-февралда өттү. "Өнүгүү" фондунун атынан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, ал эми "Замандаш" ассоциациясынан уюмдун жетекчиси Майрамбек Жапанов катышты.

Тараптар аймактарды өнүктүрүүдө жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоодо алардын ишмердүүлүгү жана максаттары бирдей экенин баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан