Биз социалдык тармакта

Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратуранын аракетине макул эмес

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Башкы прокуратура тараткан маалыматка макул эмес. Бишкекте Бакиевдерге таандык жер тилкесин сатуу ишинде айыбы жок экенин 9-февралда маалымат жыйынында билдирди.

"Бул маселе боюнча мен мурдагы позицияда калам", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкекте Бакиевдерге таандык жер тилкесин аресттен чыгаруу боюнча сот чечимин аткарууну айтып Сарпашев 2016-жылдын ноябрында Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына тапшырма бергенин маалымдаган. Прокуратура Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушун айтып премьер-министрге кат жолдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан