Депутаттар түштөн кийин жыйынга шашпай келип жатышат

Жогорку Кеңештин жыйыны саат 14:20га карата 15 чакты депутаттын катышуусунда өтүп жатат. Бирок катталган депутаттардын саны 73 деп белгиленүүдө. Учурда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттар түшкү танаписке 5 мүнөт кеч чыгышканын айтты. Учурда бир-экиден депутаттар жыйынга келишүүдө.

Айта кетсек, парламенттин регламентине ылайык, түшкү танапис саат 13:00дөн 14:00гө чейин болуш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akaichik
2017-02-09 18:04:01
Эч шашпагыла, жакшылап тойгузгула курсакты! Анткени аябай катуу иштеп атпайсыңарбы.
+4
Kroxa
2017-02-10 10:31:32
Уктап шашпай беймараал жургуло...ушуларды кыскартса 20 депутат жетет болчу,итаг эле жон эле журушот
+1
Adilet2014
2017-02-12 15:11:46
Ушул депутаттарды козомолдогон мыйзам жокбу. Иш убагында иште болушбайбы. Ар кимдин ордуна добуш бергенди токтоткшбайбы. Ачык эле интернетте журот го ар кимдин оордуна добуш берип жаткандары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан