"Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү чырлуу жер тилкесине тийиштүү сот чечими боюнча Башкы прокуратура мага эскерткен эмес", - деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 9-февралда маалымат жыйынында.
Жер тилкесин башка жаранга каттоо иши 2016-жылдын ноябрында болгонун, ал эми сот чечими Мамлекеттик каттоо кызматына 56 күндөн кийин берилгенин айтат. Тагыраагы, 2017-жылдын 27-январында берилген. "Эмне үчүн 56 күн кармап отурушту? Бул иште саясий түс бар экени көрүнүп турат. Кайсы бир саясатчы бул окуяны жеке максатына пайдаланып жатат. Президенттикке талапкер болчу айрым адамдар мени шайлоо процессине таасир этет деп ойлошот, бирок андай болбойт", - дейт Сарпашев.
Сарпашевди кызматтан кетирүүгө парламенттеги "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кызыкдар экени өткөн аптада белгилүү болгон.