Нарын дарыясынын үстүнө көпүрө салуу пландалууда (эскиз)

Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик жолунун курулушунун 2-фазасында Нарын дарыясынын үстүнөн өтө турчу эстакадалык көпүрө курулат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун курулушунун 1-фазасы (Кызыл-Жылдыз-Арал
183-195-чакырымдары, Казарман-Жалал-Абад 291-433-чакырымдары, Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3,7 чакырым болгон тоннель) боюнча жолго калыңдыгы 15 сантиметр асфальт төшөлүп, 454 даана түтүк коюлуп, 9 көпүрө курулуп, 3 көпүрөгө оңдоо иштери жүргүзүлмөк. Кызыл-Жылдыз-Арал жолунун 99 пайыздык жумушу, ал эми Казарман-Жалал-Абад жолунун 47 пайызы аткарылган.

Маалыматка ылайык, Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу улантылууда. Түндүк тарабында 312 метр өткөөлү, жантайма жолунун 484 метри курулуп, анын ичин электр энергия менен камсыздоочу электр чубалгылар орнотулган. Түштүк тарабынын 255 метри, жантайма жолдорунун 265 метри бүткөрүлгөн. Ал эми ал жактын жарыктандыруусу боюнча иштер аяктап калган.

"Жалпысынан долбоор боюнча аткарылчу жумуштун 47 пайызы бүтүп калды. Иштер график боюнча аткарылып жатат. Толугу менен бүткөрүү 2018-жылдын ноябрь айына пландалууда", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

2-фазасында Арал-Казарман жолу салынат. Калыңдыгы 15 сантиметр асфальт төшөлүп, 234 метрге түтүктөр орнотулуп, 2 жаңы көпүрө салынып, 3 көпүрө оңдолмокчу. Учурда жолдун курулушуна даярдыктар жүрүүдө.

"Долбоор боюнча узундугу 1891 чакырым 4 тоннель курулмак. Тоннелдерди эстакадалык көпүрөлөргө алмаштыруу тууралуу сүйлөшүлүп жатат. Алардын узундуктары 1891 метр жана 396 метр болмокчу", - деп кошумчалаган министрлик.

Учурда бул аймакта жумуштун 22 пайызы аткарылган. 3-фазасында Арал-Суусамыр жолунун оңдоп-түзөө иштери аткарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
ALATOOLUK.JIGIT
2017-02-09 17:55:09
Жакшы го дечи,бирок бизде крокодилдер башкарчу эле мындай иштерди
+23
akaichik
2017-02-09 17:59:34
Ишенүү кыйын. Ошон үчүн курулат экен деп үмүттөнбөй туралы. А бирок соонун идеа, соонун эскиз.
+10
batkendik.18
2017-02-09 18:00:58
Болсун болсун жеп койбой бутургуло эми
+23
Patriot...kg
2017-02-09 18:04:51
batkendik.18, кантип жебей койсун
Жок дегенде уйуно чай-пайга иштеп алат да)))
+14
Patriot...kg
2017-02-09 18:08:43
Мага копуронун планы жакты
+12
baltabai
2017-02-09 18:11:29
Soonun kopuro maga jakty
+6
elchi84
2017-02-09 18:18:52
Жолго кошуп темир жолду да кошо куруп кетсе болмок бир ок менен эки коенду атмак .
+11
Keremet008
2017-02-09 18:35:03
Жакшы нерсе экен бирок биздикилер же сапаттуу курбай же бутурбой бирин бири чукуп дагы жеп анан эптеп бутот же бутпойт тан ааай. Башка жактагы мосторду деле чондор корот ошолорду коруп деле иии ушинтейличи дешпейби ааа айта берсен арман коп. Оштогу копуронун да проектиси укмуш болду эле осо тургандарды шап буттан чалып жыгытышат...
+10
karashire
2017-02-09 19:16:16
Депутаттын баары эле жаман эмес
Албетте жакшысы жаманы да бар
+3
Firdaus-Muslim
2017-02-09 19:41:52
Жакшы жаңылык! Жакшы план экен ушул «көпүрө» салынса Кыргыз эли үчүн жакшы болмок.
+6
Adil706070
2017-02-09 20:33:17
Бул да болсо шайлоонун алдында элди алдап сооротуу.
Илгери Кок-Бел ашуусунан Токтогулду коздой колдун устунон журуучу паром каттайт деп ал паромду сатып жеп тоноп бутушту,азыр ошонун айынан колду минимум 45мунот тегеренип 60-70км жол журушот
Баягы эле курулай убада,Оштун копуросун кандай бутурушту барыбыз билебиз.кыскасы чччууушшш
+8
manas93kg
2017-02-09 21:15:08
Adil706070,туура айтасын элди алдамай
+5
Doni99
2017-02-10 00:03:45
manas93kg, Melis jakwy kylyp buturmok anyda koro albagandar kubalap jiberiwti
+6
good-girl
2017-02-09 23:02:31
Эн сонун идея экен кана элее чыннндап курулса иши кылса жарым жарты калтырып калганын ооз аркылуу ашказанга копуро кылып куруп алышпаса болгону дааааа
+1
nur_zhoni
2017-02-10 00:38:48
Бул келерки президенттин эмес андан кийинки президенттин убагына бутсо керек
+2
Lekarstvosvoegomuja
2017-02-10 01:33:45
Биз бул копурого жеткичекти Нарын дарыясы озу жок болуп кетет го
-2
mederkg
2017-02-10 02:53:41
Ишениш кыйын көпүрөгө деген акчаны бөлүп жарып жеп койушкан болосо керек.кийинчерек чыгышат көпүрөнүн эскизи анча эмес болчу дешип
+1
taalay89
2017-02-10 14:13:31
Жакшы тилек жарым ырыс деп күтүп туралычы сабыр кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан