"Айыл чарба тармагында эски отчёттор менен эмес, жаңы пландар менен иш алып баруу зарыл". Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди.
"Азыркы тапта айыл чарба тармагында ар бир район өз аймагында климаттык шартты эске алып, азык-түлүктүн кайсы түрүн айдаса түшүмдүүлүк мол болуп, киреше булагы артат, мына ушуга көңүл бурушу керек. Акимдер, райондогу айыл чарба тармагындагы адистер бул багытта дыйкан-фермерлер менен жолугушуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатышат. Айыл чарба тармагын көтөрүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ролу чоң", - деди Абылгазиев.
Жыйында жалпысынан 4 маселе каралып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев республикадагы кайра иштетүү тармагы боюнча маалымат берди.
Министрдин орун басары 2017-жылы ишке аша турган тармактын негизги пландарына токтолуп, анда кооперативдерди күчөтүүгө, асыл тукумдуулукту арттырууга жана айдоо аянттарын кеңейтип, сугат суу менен камсыз кылууга басым жасаларын кошумчалады.
Быйыл 2016-жылга салыштырмалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү 25 пайызга көбөйүп, анын эсебинен экпортко чыгарылуучу азык-түлүктөрдүн көлөмүн арттыруу пландалууда.