УКМК: Бишкектеги таштанды таштоочу урналардан табылган миналардын ээси такталууда

Бишкектеги таштанды таштоочу урналардан табылган миналардын ээси такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын тургуну таштанды таштоочу урналардын биринен жардыргыч затка окшогон нерсе таап алган. Окуя болгон жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, окууда көрсөтмө курал катары колдонуучу мина жана Дегтярёв, Шпагин пулемётторунун ок салуучу кутусун табышкан. Учурда алар кимге таандык экенин тактоо боюнча иштер жүрүүдө.

Эгерде ким кандайдыр бир жардыруучу зат таап алган болсо, УКМКга же ИИМге дароо кайрылуусу керек. Ошондой эле шектүү нерседен 300 метр алыстыкта туруу зарыл.

Буга чейин окурман SUPER.KG порталына кайрылып, Бишкектеги 5-кичи райондо милиция кызматкерлери таштанды таштоочу урналарды тинтүүгө алышканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kenjebek_a
2017-02-09 22:18:46
Бул миналардын эсеби аскер кызматында жокпу.Же ХХХ алып чыгып сата албай таштап кетиштиби.
+1
admin_portal
2017-02-10 09:42:22
kenjebek_a, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан