Мындан 206 жыл мурун, 1811-жылы 9-февралда Күн менен Жердин ортосундагы аралыкты биринчи болуп ченеп чыккан англиялык астроном Невил Маскелайн көз жумган.
Ал 1732-жылы 6-октябрда Лондон шаарында төрөлгөн. 1754-жылы Кембриж университетинин Тринити-колледж окуу жайын аяктап, Гринвич обсерваториясында белгилүү астроном Жеймс Брэдлинин жардамчысы болуп иштеген. 1756-жылдан өмүрүнүн аягына чейин аталган обсерваториянын жетекчиси болуп эмгектенген. Бешинчи падышалык астроном болуп эсептелет. Жайгашкан жерлерин өлчөө максатында Күн, Ай жана Жерге байкоо жүргүзгөн. 36 фундаменталдык жылдыздын ордун так өлчөп чыккан. 1761-жылы Айга изилдөө жүргүзүп, узактыкты аныктоо ыкмасын иштеп чыккан. Ал эми 1774-жылы Жердин тыгыздыгын аныктоого багытталган изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
9-февралга карата жылнаама.