ЖКнын депутаты Улан Примов 9-февралда өткөн пленардык жыйында айыл өкмөттөрүндө кворум чогулбашы үчүн атайын жыйынга келбеген жергиликтүү кеңештин депутаттары тууралуу айтты. Маалыматты КСДП фракциясынан билдиришти.
"Айрым айыл аймактарында бири-бирине каршы болгон депутаттар атайын жыйындарга катышпай, жыйынтыгында кворум чогулбай калууда. Мындан улам жеке жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек", - деди эл өкүлү.
Мындан сырткары кворум чогулбай жыйындардын үзгүлтүккө учурашы жергиликтүү кеңештин ишин натыйжасыз кылып жатканын баса белгиледи.