Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу 9-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова билдирди.
Анын айтымында, февраль айынан баштап Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жардамы менен түшүндүрүү иштери башталды.
"Иш эки айга созулат. Анда алыскы айылдардагы молдолорго, ата-энелерге ушул мыйзам жөнүндө түшүндүрүлөт. Алар бул мыйзамда кандай жоопкерчиликтер бар экенин окушуп, таанышат. Канча адам мыйзам бузуп, канча адам жоопко тартылганы тууралуу азырынча маалымат жок. Бул мыйзамдын максаты жоопко тартуу эмес, түшүндүрүү иштери менен жашы жете электердин никесин кыюуну токтотуу болуп саналат", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары депутат көпчүлүк эл мыйзамды колдоп жатканын айтты. Ошол эле учурда каршы чыккандар да бар экенин билдирди.
Эске салсак, 2016-жылдын октябрь айында парламентте жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын автору - депутат Аида Салянова.