Өзгөн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Жол кырсыгы 8-февралдан 9-февралга караган түнү Өзгөн шаарынан чыга бериш жерде болгон. Анда 1997-жылы туулган Н.А. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну 1980-жылы туулган Т.Тны сүзүп, биринчи жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу Т.Т. окуя болгон жерден жан берген. Учурда айдоочу кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дейт Ашырбаев.
Буга чейин Өзгөн районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочунун изделип жатканы айтылган.
Айта кетсек, 2016-жылы Ош облусунун аймагында унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен 40 учур катталган. Анын 33нүн бети ачылып, 7 факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.