Мындан 41 жыл мурун, 1976-жылы 9-февралда Орусиянын Иркутск шаарында Иркутск-Новосибирск-Свердловск-Ленинград каттамын аткарып жаткан Ту-104 учагы кулап түшкөн. Натыйжада 24 киши (16 жүргүнчү, 8 экипаж мүчөсү) көз жумуп, 78 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми калган 90 киши аман калган. Учактын 85 орундуу салонуна 99 жүргүнчү отургузулгандыгы аныкталган. Кырсык экипаждын катасынан улам келип чыккан.
9-февралга карата жылнаама.