Жогорку Кеңеште "акылдуу" эсептегичтерди киргизүүнүн абалы кийинки жумада талкууланмай болду. Бул боюнча “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев кийинки жумада кароону сунуштады.
Депутаттар анын сунушун колдоп беришти. Бул маселе бүгүн, 9-февралда талкууланмак, бирок Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын директору Айбек Калиев жыйынга келген эмес. "Компаниянын директору тойго чакыргансып, жыйынга келбейт", - деп Зулушев нааразы болду.