21-февралда өлкө аймагында "Экспорт кербени" иштеп баштайт

Бүгүн, 9-февралдагы маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Элдар Абакиров өлкө аймагында "Экспорт кербени" ишке кирерин кабарлады.
Белгилүү болгондой, "Соодага көмөктөшүү" аталышындагы эл аралык долбоорго ылайык, 21-февралдан 20-мартка чейин өлкөнүн бардык облустарында ири маалыматтык кампания иш алып барат.
"Экспорт кербенинин" максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөргө киреше тууралуу маалымат берип, экспорттоо шарттары, өндүрүүчүлөрдүн санын, керектөөчүлөрдүн суроо-талабын аныктоо менен бирге сырткы рынокко чыгууга үйрөтүү. Долбоор аркылуу өндүрүшчүлөр учурда иштеп жаткан экспорттук компанияларды жана товарды башка мамлекетке чыгаруу үчүн эмне кылуу керектигин биле алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан