
Акын, жазуучу
Улан Токомбаев 76 жашка толду. Ал 1941-жылы 10-февралда жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтунун сценарий факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы "Кыргызавтомаш" заводунда иштөөдөн баштап, 1959-жылы приборлорду куруу ишканасына которулган.
1967-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор, 1968-жылы "Кыргызтелефильм" студиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдары "Литературный Киргизстан" журналынын жооптуу катчысы, 1978-жылы "Кыргызтелефильмдин" башкы редакторунун орун басары жана студиянын режиссёру болгон.
У.Токомбаевдин биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы "Самый счастливый человек" деген ат менен 1977-жылы басылып чыккан. Ырлары республиканын жана КМШнын башка республикаларынын мезгилдүү басма сөз басылмаларында үзбөй жарыяланып келген. "Коридор", "Моя Азия", "Раненое сердце", "Ата Журт", "Прерванный полёт", "Мекен", "Моя республика", "Наркомания и плач по будущему" жана башка фильмдерди тарткан. Ал бир катар толук метраждуу жана кыска метраждуу телефильмдердин, киноповесттердин сценарийлеринин автору.
1994-жылдын аяк ченинен баштап "Я против" деген автордук программасын алып барган жана "Энциклопедия кыргызского искусства" аттуу фундаменталдуу телекинодолбоорунун автору, жетекчиси, "От А до Я" аттуу интеллектуалдык телевизиондук программанын автору, "Кыргызтелефильм" студиясында директор, башкы редактор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын коллегиясынын мүчөсү, 1969-жылдан Кинематографисттер союзунун, 1982-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, 1979-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы берилген.
10-февралга карата жылнаама.