Өкмөт башчы жазгы талаа иштериндеги маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды

Сооронбай Жээнбеков 9-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга 2017-жылкы жазгы талаа жумуштарын бекитилген агротехникалык мөөнөттөрдө өткөрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата кээ бир аймактарда жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүүдө айрым багыттар боюнча артта калуучулуктар байкалып жатат.

"Азыркы учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрү боюнча үрөндөр менен начар камсыз болушу ойлондурбай койбойт. Иштин мындай көрүнүшү республикадагы үрөнчүлүк чарбалар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бардык керектөөлөрүн камсыз кыла албастыгын көрсөтөт. Ушундай эле көрүнүш дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо жагында да байкалат", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал дыйкандарды күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо жаатында да көйгөйлөр бар экенин билдирди.

Жазгы талаа жумуштарын тийиштүү деңгээлде өткөрүү максатында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 2017-жылдын түшүмүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын структурасын аткарууну жана жогорку кирешелүү экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштыруу, кайрак жана айдоо жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун жана жашылча-мөмө көчөттөрү, ошондой эле жашылча продукциясын өстүрүү үчүн тамчылатып сугарууну жана күнөсканаларды куруу боюнча чарба субъекттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге чарба субъекттерине төмөнкүлөргө зарыл болгон жардамды көрсөтүүсү тапшырылды:

- айыл чарба техникасын, техникалык жана агротехникалык сервистик тейлөөнү өз убагында жана сапаттуу оңдоону жүргүзүүсү;

- бир айлык мөөнөттүн ичинде суу сактагычтарда жана башка суу булактарында сугат сууларын максималдуу топтоо боюнча чараларды көрүүсү;

- талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, иштетилүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүсү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан сугат айдоо жерлерин берилген арыздардын негизинде республиканын үрөн чарбаларына бөлүп берүү маселесин кароосу тапшырылды.

Ал эми Каржы министрлигине суу чарба объектилерин жазгы талаа жумуштарына карата даярдоого каралган финансылык каражаттардын биринчи кезекте камсыздоо маселесин чечүүсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2017-жылы айыл чарба сезондук иштерине керектелүүчү арзандатылган баада жер семирткичтер сатып алууга каражат табуусу, Кыргыз мунай сатуучулар ассоциациясына 2017-жылы айыл чарба сезондук иштерин жүргүзүүдө нефтебазаларда жана май куюучу жайларда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыз кылуусу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан