Бишкекте үйлөргө мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынды

Бишкектеги Бейшеналиева, Сыдыков көчөлөрүндөгү үйлөргө мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынды. Бул тууралуу 9-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мындай иш-чара Ленин райондук администрациясы менен биргеликте өткөн. "Буга чейин Сыдыков көчөсүндөгү тосмо алынган. Бирок белгисиз адамдар тарабынан кайра калыбына келтирилгени маалым болду. Мындан улам муниципалдык администрация шаар тургундарын өз алдынча жерди ээлеп алуу беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылышарын эскертти. Аларга карата чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
BekAmir
2017-02-10 09:15:30
Туура. Ош шаарын да козомолдоп коюшса жакшы болмок
+4
Rasul_Rahmanaliev
2017-02-10 15:29:06
BekAmir,Туура. Тосмок турсун,уй куруп алышкан! Мен факт болуп берем.
+2
Kroxa
2017-02-10 09:49:39
Уйдун тегереги тосулганы жакшы эле го ичине детский плошадка машиналары ошол домдун жашоочулары кароосуз калтырбай,жана жаш балдар кочого чыгып кетпей ойношот,аны эл озу акча чыгарып койдурушкан да эми ага да окмоттун козу тушуп калдыбы??булдургондун эле ичиндесинер билбейм деги...
+7
A3A
2017-02-10 10:02:16
Кайсы жерди тосyу керек коргoзуп койгула да ХХХ жоoпко тартылат деп бутyн жерди теший бербей
+3
admin_portal
2017-02-10 10:07:05
A3A, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
-1
Uson13
2017-02-10 10:12:53
Бул бийлик жалаң терс иштерди жасап калды же өздөрү бир жакшы иш кылганды билбейт
+2
muratkg
2017-02-10 10:23:31
Бул Ош базарына жакын жайгашкан эки дом эле. Жанында стоянка бар. Ошого тушкон каражатка тосушкан экен. Жазда балдар учун плошадка курабыз деп жатышты эле. Жайында ичкедин баары эле ызылдап туну менен уйку бербейт. Бомждар кундуз эле ар кайсы жерде уктай беришет эле. Милициялар дагы козомолдобой эле. Эч бир жол тосулган эмес. Даяр буткон нерсени бузуп салышыптыр.
+3
muratkg
2017-02-10 10:31:05
Окмот озу кыла албайт. Анан кылган кишини коро албайт. Бир адамдын кызыкчылыгы учун буткон нерсени бузуп салышыптыр. Ал тосмо ошол эки эле домду тосуп турган. Эч кандай жол тосулган эмес эле.
0
baltabai
2017-02-10 11:29:19
Maga alyp kelgile
-1
barakcha
2017-02-10 15:23:43
Туура.Ар ким оз билгенин кылып тосо бербеши керек!Эми баардык райондордогу оз билемдик кылып тосулган тосмолорду дагы алып салгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан