2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 миллион сомго жакын каражат бөлүү каралууда. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-февралдагы өкмөттүн жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири.
"Өкмөт акыркы 3 жылдын ичинде ичүүчү суу тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, андагы көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча бир катар иш-аракеттерди жасап жатат. 2016-жылы калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки 10 жылдык стратегиясы кабыл алынды. Буга ылайык, стратегияны ишке ашыруунун 38 иш-чаралардан турган иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Азыркы убакта Кыргыз мамлекетинде жалпы суммасы 13 миллиард сом көлөмүндө таза суу долбоорлору (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары 2016-жылдын аягынан тартып башка донорлор (Бүткүл дүйнөлүк банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын) менен 6 миллиардга жакын суммага сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштады", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.