Үстүбүздөгү жылдын 12-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Көк-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда, Ийри-Суу участкасында, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Барскоон, Сөөк ашууларында кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бл тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине бул тууралуу маалымат жиберилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлгөн", - деп айтылат министрликтин маалыматында.