Орусияда кыргыздын террорчулар катарында согушканын билип, укук коргоо органдарына айтпай койгон жаранга 70 миң рубль айып салынды

Орусиянын Астрахань облусундагы Киров райондук соту Орусияда алгачкы жолу 205-беренесинин 6-пунктуна (кылмыш тууралуу билдирбей коюу) ылайык өкүм чыгарды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, Астрахандын тургуну Улукбек Гафуров бул берене боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 70 миң рубль айып салынган. Тергөөнүн жыйынтыгында Гафуров анын таанышы, Кыргыз жараны Равшан Акбаров согушкерлер лагеринде даярдыктан өтүп, кийинчерээк террорчулар тарабында согушканын билип, укук коргоо органдарына айтпай койгону аныкталган.

Ал эми Акбаров өткөн жылы декабрь айында 8 жылга кесилгени маалым болду.

Бул берене Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине өткөн жылы киргизилген. Анын негизинде күнөөлүү деп табылгандарга 100 миң рублга чейин айып салынары, бир жылга чейин мажбурлап иштетүү же ошол эле мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Keremet008
2017-02-10 10:52:53
Акбаров деп жазсанар болот эле экен го... бирок Равшан кыргыз эмес болсо керек, бизден оной пасп жасатып ушулар куйгузду...
+8
nur...nur.
2017-02-10 11:09:49
Поспорту акчага сата берсе ушинтип жаман коруно беребиз кыргызстар кылмыш кылышса
+3
Adahan.myrza
2017-02-10 11:17:02
кыргыздарда Гафуров деген фамилия жок. Демек озбек улутунан, а эмне учун кыргыздын деп жазылып калган?
+6
Omush94
2017-02-10 11:36:41
Adahan.myrza,паспорт сатылган
+6
leilekstan_1987
2017-02-10 11:58:18
Adahan.myrza,Гафур деген ат тажиктерде болот
+5
Take_men
2017-02-10 12:25:40
Азыр Россияга барып паспорт алган башка улуттагылар бизден паспорт сатып алганда улутун кыргыз деп жаздырып калышкан
+2
tynara81
2017-02-10 12:49:03
Кыргызстанда өзбек улуту көп экенин, тажик, уйгурлар да бар экенин билесиңер го, эмнеге сразу сатып алган дейсиңер. Туура, паспорт бизде көрүнгөнгө сата беришет. Булар бирок Кыргызстандык өзбектер болушу мүмкүн.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан