Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 7,9 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Анын айтымында, ички дүң продукция ушул жылдын январь айына карата 24 миллиард долларга жакын болду. "ИДПнын түзүмүндө көпчүлүк үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына таандык. Алар жалпы көлөмдүн 49 пайызын түзөт. Өнөр жайдыкы 23 пайыз, айыл чарбасыныкы 9 пайыз, ал эми курулуштуку 3 пайыздан жогору болду", - деди ал.