Бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" президенттикке кимдин талапкерлигин көрсөтөрү белгилүү болот

Бүгүн, 10-февралда Бишкекте "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын жыйыны өтүүдө. Иш-чарада партия президенттикке кимдин талапкерлигин көрсөтөрү боюнча чечим кабыл алмакчы.

Жыйында "Өнүгүү-Прогресстин" мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, журналисттер катышып жатышат. Партия Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин көрсөтөрү күтүлүүдө.

Буга чейин 4-февралда "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев расмий түрдө президенттик жарышка аттанары белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан