Аксы районунда Үңкүр-Тоодо жайгашкан радиостанция башка жакка көчүрүлбөйт. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Байланыш жана маалыматтык технологиялары комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев билдирди. Район аймагына башка станция курулуп жатканы айтылды, максаты - аймакта байланыш сигналдарын жакшыртуу. Шаршембиевдин билдиришинче, учурда Үңкүр-Тоодогу станция кадимкидей иштеп жатат.
Үңкүр-Тоого байланыштуу 2016-жылы бир катар жаңжалдар чыккан.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 22-августунда Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюшкан. Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну да талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Кыргыз тарап Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошоткон. Бул арада Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Өзбекстанга киргизилген. Алар 8-сентябрда гана Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.