Бүгүн, 10-февралда Бишкекте өткөн "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жыйынында партия лидери Бакыт Төрөбаев өлкөнү башкаруунун кайсы формасын колдой турганын айтты.
"Менден дайыма сурашат: президенттик башкаруу жакшыбы же парламенттикпи? Биз көп жыл бою ушул маселе боюнча элибиздин башын айландырып жатабыз. Мен кыскача жооп берейин: мен өлкөдө жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзгөн башкаруу формасын колдойм, мен дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон башкаруу формасын колдойм. Мен биздин балдарыбыздын жол кырсыктарынан каза болбошун каалайм. Мен мындай башкаруу формасын "мыйзамдын диктатурасы" деп атайт элем. Өлкөбүздө бардык жарандар мыйзам алдында бирдей болуш керек. Бул алгоритмди түшүнүү оңой: мыйзам буздуңбу - жооп бересиң, уурдадыңбы - камаласың!" - деди Төрөбаев.