Магнит-резонанстык томографиянын ойлоп табуучуларынын бири, медицина боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Питер Мэнсфилд 8-февралда 83 жашында каза болду. Бул тууралуу Ноттингем университетинен билдиришти.
Питер Мэнсфилд 1933-жылы 9-октябрда туулган. 15 жашында мектепти таштап, басмаканага ишке кирген. 18 жашында аскерге чакырылып, аскерде ракета жасоого кызыга баштайт. Кийин Ханыша Мария атындагы колледжге тапшырып, аны 1959-жылы бүтүргөн. 1962-жылы магнит-резонанс ядросу боюнча диссертация жазган. Британ физиги Питер Мэнсфилд менен америкалык илимий изилдөөчү Пол Лотербург адамдын ички организмин иликтөөчү магнит-резонанстык томографияны иштеп чыгышкан. Бул ыкма дүйнө жүзүнө тарап, миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап калган. Илим жаатындагы жетишкендиктери үчүн окумуштууга 2003-жылы "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган. Питер Мэнсфилд акыркы 30 жылда Ноттингем университетинде иштеп келген.