Алмазбек Атамбаев айыл чарба министрин кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-февралда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда президентке жазгы талаа иштеринин жүрүшү, айыл чарба тармагындагы жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча инвстициялык долбоорлордун аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Президент жеңилдетилген насыяларды берүү менен айыл чарбаны өнүктүрүү механизминин маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле жазгы талаа иштериндеги сугат маселесин өз убагында өткөрүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан