Ошто мыйзамсыз иштеген соода түйүндөрү текшерилүүдө

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаардагы мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрдү жана сырткы жарнактарды алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.

Өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жана жарнак бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүн талапка ылайык кармоону, сырткы жарнактарды Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык жайылтуу талабы коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин Ош шаарынын Курманжан датка, А.Навои, А.Шакиров, Мамыров жана Амир-Темир көчөлөрүндө рейддер өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 12 соода түйүнү, 4 тандыр, 2 бастырма, 1 даана 40 тонналык контейнер, 100дөн ашуун көрнөк-жарнактар алынып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан